26.04.2018 14:41

Америкалык айым  чоочун өлкөдө интернеттеги видео-сабактардын жардамы менен төрөп алды

Америкалык айым  чоочун өлкөдө интернеттеги видео-сабактардын жардамы менен төрөп алды

Тиа Фримен (Tia Freeman) аттуу америкалык айым  түрк мейманканасында  интернеттин жардамы менен төрөп алды. Бул туурасында Lenta.ru  билдирет.

22 жаштагы Фримен кош бойлуу экенин  6 ай өтүп билет. Саякатка чыгаардан мурун тест менен текшерилген айым, бала мөөнөтүнөн мурун төрөлөт деп ойлобогонун айтат. Айтымында,  акыркы айларда кыздын салмагы өзгөргөн эмес. Анын үстүнө, буга чейин бойго бүтүрбөгөн дарыларды ичип жүргөн.  

Келечектеги эне кош бойлуу экенин эч кимге билдирген эмес. Планында Германияга барып, досуна жолугуп, андан соң гана АКШга кайтып келип, төрөйүн деген. Бирок, ойдогудай болгон жок.

Баары Стамбулдагы аэропортто башталган.  Алгач кыз эч нерсени түшүнгөн эмес.  Ичи ооруп жатканын учакта жеген балыктан ууландым деп жоруган. Бирок, Google  аркылуу  оорунун белгилерин карап, толготуп жатканын түшүнгөн.

Ойлонуп көрүп, айым дарыгерлердин жардамы жок эле төрөөнү чечкен. Анткени, жергиликтүү түрк дарыгерлерин баары бир түшүнмөк эмес. Андыктан,  шаардагы мейманканалардын бирине барып, интернеттен  үйрөтүүчү материалдарды карап баштаган. Алгач кыз  WikiHow порталынан киндик кесүүнү үйрөнгөн, анан  YouTube серверинен бир нече ролик көргөн.

Көргөнү боюнча, Фримен ваннаны сууга толтуруп, ыңгайлуу абалда туруп, ыйынып баштаган. Беш-алты жолку аракетинен соң бала төрөлгөн. Эне ымыркайын эмизип, анан уйкуга кирген.

Эртеси Ксавье деп атаган уулун өзүнүн кийимине ороп алып,  аэропортко келген айым  дароо учуп кете алган эмес. Бул үчүн АКШ консулдугуна барып, баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга арыз таштаган.

Ооруканадан дарыгерлер эне менен баланын ден соолугу жайында экенин билдиришкен.

Might as well tell you now lol. Give me a little time though because it’s sort of a long story ??

— Tia Freeman (@TheWittleDemon) April 24, 2018